Идеяңызды ыкчам ийгиликтүү ишке айландырууда эч кандай кыйынчылык жок. Ишкер Алия Токтанаева муну иш жүзүндө тастыктады. Эки жыл мурун ал мамлекеттик 5 миллион теңге грант алуучулардын бири болгон. Бул каражатка керектүү жабдыктарды сатып алып, балдар үчүн оюнчуктардын чакан өндүрүшүн ишке киргизген.
Алия Токтанаева, ишкер:
– Биз фрезердик, лазердик сыяктуу бардык ишти нөлдөн баштап жасоого мүмкүндүк берүүчү жабдууларды сатып алдык. Негизинен бизде баланын кыймыл-аракет системасынын жалпы ой жүгүртүүсүн, башкача айтканда кыймыл жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган оюнчуктар бар. Биздин бардык өнүмдөрүбүз экологиялык жактан таза, биз балдардын ден соолугуна зыяны тийбей турган уулуу эмес жана зыянсыз акрил боёкторду колдонобуз.
Бул балдардын көз-карашын кеңейтүүгө багытталган оюнчуктар бир гана кол моторикасын өнүктүрбөстөн, эс тутумун жакшыртып, тынчсызданбай бир нерсеге көңүлүн буруп, ишти аягына чейин чыгарууга үйрөтөт. Эң негизгиси, мындай көнүгүүлөр гиперактивдүү балдар жана өзгөчө муктаждыктары бар жаштар үчүн пайдалуу. Долбоордун авторлору өз өнүмдөрүн жеке жана балдардын билим берүү мекемелеринин жана реабилитациялык борборлордун буйрутмаларды боюнча иштеп чыгышат. Белгилей кетсек, Алия бизнести атайын тренингдерден үйрөнгөн.
Зульфия Бадаева, бизнес-тренер:
– Алия 2020-жылы атайын курстан өттү. Бир ай бою ишкерликтин негиздерин үйрөнүп, үзгүлтүксүз консультацияларды алып, кандай бизнес жүргүзүү керек деген суроолорго жооп алды. Мисалы, биз ага жага турган жумуш издеп түрдүү багыттарды караштырдык. Анткени бизнесиңиздин гүлдөшүн кааласаңыз, өзүңүз сүйгөн иш менен алектенишиңиз керек. Негизинен жумушсуз жүргөн адамдарды окутабыз. Социалдык аз камсыз болгон, көп балалуу энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан үй-бүлөлөр, 29 жашка чейинки жаштар. Жылына 1,5 миңге жакын студент билим алса, алардын үчтөн бири, башкача айтканда 500ү өз бизнесин ачат.
Ишкерликти колдоо жана өнүктүрүүгө багытталган «Бизнестин жол картасы-2025» программасы 2012-жылы ишке кирген. Бул жылдар аралыгында борбордо 388 ишкер мамлекеттен кайтарымсыз негизде грант алды. Гранттык колдоонун жалпы суммасы 1 миллиард 400 миллион теңгени түздү. Быйыл бул программага катышуу үчүн арыздар чын куран айынын 1нен 15не чейин кабыл алынат.
Айжан Нұрматова, Нур-Султан шаары инвестициялар жана ишкердикти өнүктүрүү башкармасынын өкүлү:
– Сынак толук түрдө автоматташтырылган. Былтыртан бери документтер онлайн түрдө гана кабыл алынат. Программага Нур-Султан шаарында жеке ишкер же жоопкерчилиги чектелген коом катары катталган чакан ишканалар, ошондой эле борбор калаада бизнес жүргүзүүнү мерчемдеген чакан ишкердик субьектилери гана катыша алышат. Негизги талап – бизнестин экономиканын эрежелерде белгиленген приоритеттүү тармактарынын чегинде жүргүзүлүшү. Аталган долбоор өндүрүш, өнөр жай, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана туризм сыяктуу негизги тармактарды камтыйт.
Быйыл борбор калаадагы ишкерлерди колдоого 345 миллион теңге бөлүндү. Алардын 20%ы социалдык аялуу топторго таандык стартаптардын долбоорлорун каржылоого багытталган. 29 жашка чейинки жаш ишкерлердин өзгөчө категориясы бар. Алардын идеяларын ишке ашыруу үчүн өлкө казынасынан 45 миллион теңге каралып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков