Казакстанда
ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Алар өлкөнүн өндүрүштүк
дараметин жогорулатууга салым
кошушат. Долбоорлордун саны боюнча аймактар арасында Астана алдыда. Борбор
калаа 130 долбоорду ишке ашырууну пландап жатат, баасы 2 жарым триллион теңге.
Экинчи орунда-Караганды
облусу. Бул жерде 118 инвестициялык долбоор ишке ашырылат. Баасы-175 миллиард
теңге. Объектилердин катарына ысык
цинк заводу, шамал электр станциясы
жана болот түтүк өндүрүшү кирет. Улытау аймагы баасы 1 трлн теңгелик 19 долбоорду бекитти.
Каражат Батыш Каражал кенин иштетүүгө, Жезказган жез эритүүчү заводунда күкүрт
кислотасы цехин курууга жана байытуучу фабрикаларды жаңылоого жумшалат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

