Казакстандагы элеттик аялдардын бизнеси

Казакстандагы элеттик аялдардын бизнеси

Казакстандагы элеттик аялдардын 30%ы өз бизнесин ачкан. Жакынкы үч жылда бул көрсөткүч эки эсеге өсөт деп болжолдонууда. Себеби, ар бир үчүнчү аял аймакта бизнесин өнүктүрүүгө кызыкдар. Бейөкмөт уюмдардын социалдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы айылдык аялдардын V форумунда жарыяланды. Белгилүү болгондой, жер жерлерде жигердүү жарандардын идеяларын колдоо жана оюн ишке ашыруу максатында мамлекет менен бизнес коомчулугу тарабынан ар кандай каржылык колдоо чаралары көрүлүп келет. Акыркы 10 жылда бир гана социалдык долбоордун алкагында 60 миң айыл тургуну бизнес жүргүзүүнү үйрөнүштү. 4000 бизнес-долбоор каралып, 100дөн ашыгы кайтарымсыз грантка ээ болгон. Быйыл дагы долбоордун алкагында өз ишин илгерилете турган ысымдар белгилүү болду.

Елена Ожго, «социалдык динамика» коомдук фондунун мүдүрү:

Жакында 20 жаңы ишкер, 60 жумушчу орун түздү. Алар 2000 доллардан 4000 долларга чейин грант алышат. Анын 20%ы өсүмдү жана мал чарбачылыгын өнүктүрсө, 40%га жакыны айыл жеринде тамак-аш жана азык-түлүк эмес, эл керектөөчү товарларды чыгарат, 5%ы айыл элине кызмат көрсөтүүнүн жаңы түрлөрүн сунуштайт.

Шугыла Камбышева, ишкер, Абай облусу:

2019-жылы «Ата мекен бизнес старт» долбоорунан 560 миң тенге грант алып, үйдө отуруп ушул бизнести баштаган элем. Азыр бизнесимди жакшы өнүктүрүү үчүн тигүүчү машина керек болуп, 2021-жылы дагы грант алып, бизнесимди өнүктүрдүм. Келечекте өкмөттөн дагы 5 миллион теңгеге чейин грант алып, бизнесимди кеңейтип, сапатын жакшыртуу үчүн лазердик аппарат алсам дейм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков