Казакстандык 27 стартапер Кремний өрөөнүнө окууга барды

Казакстандан 27 стартап, Борбордук Азияны кошкондо 50 стартап Кремний өрөөнүндө окуп, резидент болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, Alchemist Accelerator программасынын алкагында 10 мыкты долбоор тандалып алынган. Бул 10 жылдан ашык убакыттан бери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген ишкерлерге колдоо көрсөтүп келе жаткан уюм. Мунун аркасында аймактын стартаптары баш оона айынын 12нен тарта Кремний өрөөнүндө башталган 10 жумалык окуу курсуна катыша алышат. Калган 40 ишкер Silicon Valley Residency Program, Hero Training жана Stanford Healthcare Innovation Lab программасына катышат. Бул курстар бир аздан кийин башталат. Белгилей кетсек, бардык программалар Борбор Азиядагы стартаптарды өнүктүрүүгө багытталган.

Рысты Исагулова, АSTANA HUB бизнес-программалар кеңсесинин менеджери:

– Бул программа Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Стартаптар бекер катыша алышат. Алар бул программанын алкагында бизнесин өнүктүрүүгө акысыз жардам алышат. Эң негизгиси, АКШ рыногунда иштеген өз бизнесинин мыкты чеберлеринен үйрөнүшөт. Бул программа Alchemist Accelerator программасынан окуу процесси алда канча интенсивдүү жана кеңири болгону менен айырмаланат. Мисалы, B2B стартаптары менен алектенген ишкерлер ага катыша албайт. Бул программа өзүнүн натыйжалуулугун далилдөөгө жетишти. Мисалы, өткөн жылы Citix компаниясы белгилүү инвестор Тим Дрейперден 1 миллион доллар каражат чогулткан. Бул абдан маанилүү. Анткени Дрейпер Tesla жана Space X сыяктуу гиганттардын инвестору болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков