Бажы жол-жоболору Биримдиктин Бажы кодексине ылайык колдонулат. Кээ бирлери эркин зонада мыйзамдардын негизинде товарлардын болушуна тыюу салууга болот. Сенаторлор ушул жана башка артыкчылыктар менен атайын экономикалык аймактардын бажы жол-жобосу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу документти жактырышты.
Алибек Наутиев, Парламент Сенатынын депутаты:
- Протоколго ылайык, Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинде белгиленген бажылык укук мамилелерин жөнгө салуучу нормалар келишимден алынып салынат. Ошондой эле терминологияны Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимдин жана Биримдиктин Бажы кодексинин нормаларына ылайык жаңылоо пландаштырылууда. Протоколго ылайык, эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу колдонулуучу Атайын экономикалык аймактын аянты Бирликке мүчө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Бул жаатта Казакстандын атайын экономикалык аймактарынын инфраструктурасына ушул күнгө чейин 450 миллиард теңге багытталган. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, былтыр 360 миллиард теңге салык катары өлкө казынасына кайтарылды. Учурда атайын аймактагы өндүрүш борборлору чыгарган өнүмдүн жалпы көлөмү 7 триллион теңгеден ашып, 450 миллиард теңгеге ата мекендик өнүм экспорттолду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков