Казакстанда 2025-жылы “Ишкердин бирдиктүү жеке кеңсеси” порталын ишке киргизүү пландалууда. Бирдиктүү интерфейс мамлекет менен ишкерлердин өз ара аракеттенүү жараяндарын оптималдаштырууга багытталган. Өкмөттө санарип долбоорлор каралды. Муну менен катар пилоттук режимде «Tapsyru» кызматы ишке кошулду. Ал талап кылынбаган мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, «Онлайн бюджеттик мониторинг» долбоору ишке ашырылууда. Учурда системада 150 миллиондон ашык төлөмдөр иштетилип жатат. Ал эми дары-дармектерди таңгактоо натыйжасында 5,500дөн ашык субъекттин эсепке алуу системасы толук интеграцияланды. Мындай жол менен аларды өндүрүүчүдөн керектөөчүгө жеткирүүгө автоматташтырылган мониторинг жүргүзүлөт. “Социалдык капчык” долбооруна бейтапканалардын жанында иштеген дарыканалар 100% кошулуп, болгон рецепттердин жарымынан көбү берилди. Буга кошумча жыйында мектепке чейинки билим берүү уюмдарын ваучердик каржылоо маселеси да талкууланды.
Аскар Ибраимов, «Каржы борбору» АК башкарма төрагасы:
- Каражат кезегинин инновациялык модели киргизилди. Бул жаатта ата-энелер тиешелүү категорияга жараша бөлүнөт. Кезек ошол калыбында калтырылат. Башкача айтканда, артка жылбайт. Эми бала бакча тандоо жараянын өз алдынча жүргүзүүгө болот. Мына ушундай жол менен бардык бала бакчаларды тандоого болот. Ал үчүн бала бакчалар мыйзамдарды жана талаптарды сактоого тийиш. Андыктан ата-энелердин көңүлүн буруп, балдарды көбүрөөк тартуу үчүн алар көрсөткөн кызматтардын сапатын жогорулатууга аракет кылышат. Башкача айтканда, биз өз ара атаандаштыкты күчөтүүнүн жолун таптык. Ошондой эле, азыр тобокелдик системасы киргизилди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков