Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов бүгүн Кыргызстандын борборунда ШКУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынына катышат. Катышуучулар Шанхай Кызматташтык Уюмунун мейкиндигинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өнөктөштүктү бекемдөө боюнча чараларды талкуулашат. Ошондой эле, КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын кеңешинин жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеш алкагында геодезия жана картография, товарларды сертификаттоо менен бажылык декларациялоо жаатындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулоо каралган. Буга кошумча, ар кандай тармактарда кооперация долбоорлорун ишке ашыруу, энергетика жана айыл чарба тармагындагы иштер назардан тыш калбайт. Иш-чаранын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков