Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзүнүн кесиптеши Шавкат Мирзиёевди кечээ борбор калаанын аэропортунан тосуп алды. Өзбекстандын лидери өлкөгө мамлекеттик сапар менен келди. Жогорку даражалуу меймандын урматына Астананын аба портунда ардактуу кароол тизилди. Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү жана бир катар маанилүү документтерге кол коюу мерчемделүүдө.
Жапониянын премьер-министри Казакстанга расмий сапар менен келет
Жапониянын премьер-министри Казакстанга расмий сапар менен келет. Фумио Кишида Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусун алган. Белгилей кетсек, 9-августта Астанада «Борбордук Азия + Япония» диалогунун биринчи саммити өтөт. Ал эми 10 - күнү Казакстандын президенти менен Япониянын премьер-министринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү мерчемделген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков