Ислам өнүктүрүү банкы өлкөнүн суу чарба долбоорлоруна 1 миллиард доллардан ашык каражат бөлүүдө. Ал өлкөнүн суу системасын жаңылоого багытталат. Бул тууралуу Астанада өткөн араб координациялык тобунун тегерек столунда айтылды. Тараптар атайын макулдашуу протоколуна кол коюшту. Мындан улам быйыл 9 аймакта суу ташкынынын кесепеттерин калыбына келтирүү иштери башталат.
Нурлан Байбазаров, улуттук экономика министри:
- Өлкөнүн суу системасы калыбына келтирилет. Бул бизге суу ташкындары менен натыйжалуу күрөшүүгө жана жалпы сугат жерлеринин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Өлкөдө жаңы суу резерваттары пайда болуп, каналдар казылат. Суу сактагычтар курулат. Эскирген инфраструктура толугу менен калыбына келтирилет. Быйыл биз тогуздун айынын башында тиешелүү насыялык долбоорго кол коёбуз.
Жалпысынан Перс булуңундагы өлкөлөрдөн келген
инвесторлорго түрдүү багыттагы 250гө жакын долбоор сунушталды. Алардын жалпы
инвестициялык көлөмү 10 миллиард доллардан ашат. Араб координациялык тобунун
мүчөлөрү Казакстан менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу ниетин
билдиришти.
Анасс Айссами, ИӨБ мамлекеттик программалар боюнча башкы
мүдүр:
- Суу ресурстарынан тышкары транспорт тармагына да
катышууну пландап жатабыз. Буга байланыштуу бир катар банктык долбоорлорду
түзөбүз. Бул топ түзүлгөндөн бери
Казакстанда 1,6 миллиард долларлык долбоорлор каржыландырылды. 2024-2026-жылдары
Казакстанга 3,65 миллиард доллар бөлүүнү мерчемдеп койдук.
Которгон: Илгиз Жамалбеков