Улуттук курултай мүчөлөрү жолугушууларды өткөрдү

Улуттук курултай мүчөлөрү жолугушууларды өткөрдү

Мамлекеттик кеңешчи Батыш Казакстан облусунда аймак башчылары, коомдук активисттер жана интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушту. Улуттук курултайдын мүчөлөрү менен жолугушуунун алкагында Ерлан Карин Президенттин кайрылуусун ишке ашыруу, улуттук курултайдын билим берүү, илим жана маданият тармагындагы жалпы улуттук долбоорлору боюнча пикир алмашты. Ал эми облустун билим берүү тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда сүйлөшүүнүн темасы ушул окуу жылында киргизилген «бирдиктүү тарбиялоо» аттуу жаңы программа болду. Аймактардагы мындай жолугушуулардын максаты-коомчулук менен диалогду бекемдөө жана Улуттук курултайдын ишмердүүлүгүнүн алкагында жаңы демилгелерди жана сунуштарды иштеп чыгуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков