Конго Казакстандын Африка континентиндеги маанилүү өнөктөшү. Өлкөнүн президенти Дени Сассу-Нгессонун расмий сапары эки тараптуу мамилелерге, ошондой эле Борбордук Азия менен Африканын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жаңы дем берет. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн расмий делегацияларынын жолугушуусунда билдирди. Казакстан менен Конго бири-биринен алыс жайгашканына карабастан, өз ара мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө кызыкдар. Казакстан менен Конго ортосундагы кызматташтыктын дарамети абдан жогору. Атап айтканда, соода-экономика, айыл чарба, тоо-кен, өндүрүш жана жаңы технологиялар артыкчылыкка ээ.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биз эки өлкөнүн өкмөттөрүнө өз ара сооданын көлөмүн
көбөйтүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү тапшырмасын берүүгө макул болдук. Биз Казакстандын Конгого эгин экспорттоо боюнча чоң
дараметине көңүл бурду. Маалым болгондой, эки өлкөнүн тең жаратылыш ресурстары
көп. Темир, фосфат, боксит жана башка сейрек кездешүүчү пайдалуу кендерди
чалгындоо жана өздөштүрүү боюнча кызматташууга мүмкүнчүлүк бар. Сүйлөшүүлөрдүн
жүрүшүндө мен Казакстандын ишкерлери Конгонун тоо-кен тармагын изилдөөгө даяр
экенин белгиледим.
Касым-Жомарт
Токаев эки өлкөнүн транспорт жана логистика тармагындагы алакалары кеңири
талкууланганын айтты. Ошол эле учурда Борбордук Африка аймагына дарбаза ачкычы
болгон Пуэнт-Нуар портунун дарамети чоң. Өз кезегинде Конгонун президенти Казакстан менен энергетика тармагында
мамилелерди түзүү келечегин баса белгиледи.
Дени Сассу-Нгессо, Конго Республикасынын президенти:
- Конгонун
экономикасы мунай өнөр жайына негизделген. Казакстандын бул жаатта чоң
тажрыйбасы бар. Мындан тышкары биз пайдалуу кендердин башка түрлөрүн иштетүү
боюнча кызматташтыкты түзө алабыз. Бул жагынан Конгонун энергетика тармагы
казакстандык операторлорго чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
Эки
тарап глобалдык жана аймактык коопсуздук маселелерин көңүл сыртында калтырган
жок. Келечекте эки өлкө климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүүнү
макулдашты. Конго Республикасынын президентинин Казакстанга жасаган расмий
сапарынын алкагында жалпысынан 10 документке кол коюлду. Алар эл чарбасынын
түрдүү тармактарын камтыйт. Тараптар мунай-газ, энергетика, жерди аралыктан
зонддоонун космостук системасы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
тармагында кызматташууну бекемдөөнү макулдашты. Ал эми Казакстандын бул өлкөгө
атайын элчисинин дайындалышы эки тараптуу мамилелердин жанданышына жаңы дем
берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков