Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Сапардын алкагында эки өлкөнүн лидерлери ишкердик байланыштарды жүргүзүп, өнөр жай кооперациясын тереңдетүүгө багытталган келишимдерге кол коюуну көздөп жатышат. Ишкердик байланыштар да көңүл сыртында калган жок. Тараптар 2,5 миллиард долларлык 40 меморандумга кол коюшту. Келишимдерде биргелешкен ишканаларды ачуу, товарларды жеткирүү көлөмүн арттыруу каралган. Мындан тышкары жалпы суммасы 8 миллиардды түзгөн келишимге кол коюу пландалууда.
Серик Жумангарин, Казакстандын Премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри:
- Фергана жана Навои шаарларында жер семирткичтерди чыгаруучу заводду куруу боюнча ири келишимге кол коюлат. Ага Казакстандан “Казфосфат” ишканасы, ал эми Өзбекстандан тиешелүү ишкана катышат. Мындан сырткары, Казакстандын ЕРДЖи компаниясы менен Өзбекстандык ишкана жеткирүү боюнча макулдашууга жетишти. Буга байланыштуу өлкөбүз коңшу мамлекетке 5 миллион тонна көмүр жеткирет. Мамлекет башчылары товар жүгүртүүнү 10 миллиард долларга жеткирүүнү тапшырды. Быйыл 5 миллиард чекти ашабыз деп ойлойм. Азырынча бизде мындай деңгээлдеги документтерге кол коюу болгон эмес.
Кол коюлган документтерге ылайык, Казакстанда заманбап мультимодалдык транспорттук-логистикалык борбор курулат. Ошону менен бирге эки тарап геологиялык чалгындоо жана энергетика тармагын биргелешип өнүктүрүүнү макулдашты. Буга кошумча, жакын арада өлкө коңшу республикага малды экспорттойт. Ошентип Өзбекстанга 60 миң бодо мал жана 120 миң майда жандык жөнөтүлөт.
Ербол Карашөкеев, Казакстандын айыл чарба министри:
- Бул негизинен мал чарбачылыгы ээлери сурап жаткан маселе. Себеби, Өзбекстанга тирүү малдын кымбат экенин эске алып, ушундай квота менен тирүү малды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн ачып жатабыз. Ошондуктан ички рыноктун баасына олуттуу таасир этпейт, эттин кымбатташына алып келбейт деп ойлойбуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков