Президент КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдары менен атайын кызматтарынын башчыларын кабыл алды

Президент КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдары менен атайын кызматтарынын башчыларын кабыл алды

КМШ өлкөлөрү коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын башчылары кеңешинин ролу учурдагы татаал мезгилде жогорулап жатат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев кеңештин 55-жыйынынын катышуучулары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысы бул аятнчанын коопсуздук тармагындагы күжүрмөндүктү координациялоочу механизм катары таанылганын белгиледи. Ошондой эле президент ыкчам жана серепчилик маалыматтарды өз убагында алмашуу регионалдык коопсуздуктун коркунучтарына жана чакырыктарына туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Кеңешмеге Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, ошондой эле антитеррористтик борбордун жана КМШ Аткаруу комитетинин делегацияларынын жетекчилери катышышты. Жолугушуунун жыйынтыгында Шериктештик мамлекеттеринин атайын кызматтарынын ортосундагы өз ара аракеттешүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков