Казакстанда шайлоо өнөктүгү башталды

Казакстанда шайлоо өнөктүгү башталды

Бүгүн Казакстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Ал жетинин айынын 18ине чейин уланат. Президенттикке алты талапкер ат салышууда. Элдик коалиция тарабынан сунушталган учурдагы мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өттү.

Кийинки орунда Мейрам Кажыкен — Казакстандын «Аманат» профсоюздар шериктештигинен. Жигули Дайрабаев «Ауыл» партиясынан талапкер. Каракат Абден — Профессионал социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан. Салтанат Турсынбекова – «Казак аналары – дастурге жол» республикалык коомдук бирикмеси тарабынан сунушталган. Ал эми Нурлан Ауесбаев Улуттук социал-демократиялык партиядан талапкер. Белгилей кетсек, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жетинин айынын 20сында өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков