Мектептерге улуттук жылнаама киргизилди

Мектептерге улуттук жылнаама киргизилди

Караганды облусунун мектептерине Улуттук жылнаама киргизилди. Календарда казак тарыхын жана маданиятын даңазалаган 42 өзгөчө дата бар. Долбоор жергиликтүү адистер тарабынан иштелип чыккан. Бул күн санакты түзүү үчүн илимпоздор жана чөлкөм таануучу адистер 5 жыл эмгектенишкен. Долбоордо 3 салттуу майрам, 6 фестиваль, 8 тарыхый күн жана 24 атактуу инсан камтылган. Мындан тышкары, жылнаамада руханий мурастар да белгиленген. Анын беттеринде Амал майрамы, Кымызмурындык, Селт эткизер жана Кестели жоолук салттары орун алган. Келечекте алардын саны дагы көбөйөт. Күнбарак быйылкы окуу жылында облустун мектептерине киргизилди. Эми аны менен Караганды облусунун 170 миңден ашык окуучусу таанышат.

Нуржан Сурша, долбоордун автору:
- Мисалы, бүгүн иш-чаранын алкагында балдар быйыл мааракелери белгиленип жаткан 7 баатыр тууралуу маалымат алышты. Алар -  Кабанбай батыр, Бөгенбай батыр, Амангелди Иманов, Касым Кайсенов, Шерубай батыр, Жидебай батыр. Булар Караганды облусунун атактуу инсандары болгон. Маселен, биздин баатырлар Сарыарканы жунгарлардын баскынчылыгынан коргогон.

Аруна Мукашева, Облустук билим башкармасынын бөлүм башчысы:
- Караганды облусунун бардык окуу жайларында бирдиктүү тарбиялоо программасы ишке киргизилген. Бул программаны ишке ашыруу үчүн Караганды облусунда иш-чаралар планы бекитилди. Анын ичинде казак жылнаамасындагы бардык белгилүү даталар камтылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков