Казакстанда мөөнөттүү кызматтын жаңы форматын ишке кошуу мерчемделип жатат

Казакстанда мөөнөттүү кызматтын жаңы форматын ишке кошуу мерчемделип жатат

Казакстанда жаңы форматтагы мөөнөттүү аскердик кызматтын SARBAZ+ пилоттук долбоору ишке ашырылууда. Программа аскер кызматкерлерин даярдоо сапатын арттырууга жана заманбап технологияларды күнүмдүк аскер турмушуна киргизүүгө багытталган. Ушул күздө 150 аскерге чакырылуучу жаңы үлгү боюнча кызмат өтөй баштайт. Ар бир аскер кызматкерине фитнес-билерик берилет. Ал реалдуу убакыттагы биометриялык көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөйт. Маалыматтар медициналык персонал жана командирлер үчүн жеткиликтүү  борборлоштурулган мониторинг системасына келип түшөт. Бул жеке курамдын ден соолугунун абалын туруктуу көзөмөлдөөнү камсыздайт. Видео талдоо системасы да киргизилип жатат. Долбоордун алкагында телекоммуникация жана IT тармагында базалык окутуу программалары каралган. Ага кошумча учкучсуз учуучу аппараттарды жана радио байланышты пайдалануу негиздерине окутуу пландаштырылган. Кошумча казак жана англис тилдеринде сабактар уюштурулат. SARBAZ+ программасы мөөнөттүү кызматтын жоокерлерине гана таасир этпейт. Бөлүмдүн офицердик жана сержанттык курамы да тармактык технологиялар жаатындагы эл аралык программа боюнча квалификациясын жогорулата алат. Долбоор ийгиликтүү ишке ашырылган учурда аны Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башка да бөлүмдөрүнө этап-этабы менен киргизүү көздөлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков