Казакстан менен Беларустун товар айлануусу 1,2 млрд долларды түздү

Казакстан менен Беларустун товар айлануусу 1,2 млрд долларды түздү

Казакстан менен Беларустун ортосундагы товар жүгүртүү өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 1 миллиард доллардан ашты. Ошол эле учурда, эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү бирден үчкө көбөйдү. Эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жогорку динамикасы тууралуу бүгүн Казакстандын президенти Беларустун тышкы иштер министри Максим Рыженков менен жолугушууда билдирди. Касым-Жомарт Токаев активдүү, ишенимдүү диалогду мындан ары да колдоонун, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды практика жүзүндө координациялоонун зарылдыгын баса белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Бүгүнкү күндө өз ара аракеттенүүнүн, биринчи кезекте экономикалык тармактагы, ырааттуу динамикасына канааттануу билдирүүгө толук негиз бар. 2025-жылы сооданын көлөмү 1 миллиард доллардан ашты. Учурдан пайдаланып, Беларусь мамлекетинин жетекчиси президент Александр Григорьевич Лукашенкого салам айтып, жакшы каалоолорумду билдиргим келет. Бугу айында биз Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынын өткөрөбүз. Менимче, бул жерде көп тараптуу күн тартибинен тышкары, мамлекеттерибиздин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө байланыштуу башка маселелерди да талкуулайбыз.


Сүйлөшүүдө өнөр жай кооперациясы, транспорт, айыл чарба, туризм жана башка багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Тараптар казакстандык өнүмдүн экспортун көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Касым-Жомарт Токаев Беларустун Алматы шаарында Башкы консулдугунун ачылышын кубаттады. Дипломатиялык өкүлчүлүк эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.


Максим Рыженков, Беларусь тышкы иштер министри:


Баарынан мурда, мен мамлекет башчысы Александр Григорьевич Лукашенконун атынан сизге эң жылуу каалоолорду айткым келет. Бүгүнкү күндө Казакстандын мамлекеттик саясатынын өзөгүндө жөнөкөй адамдын, элдин жана өлкөнүн кызыкчылыктары турганын баса белгилегим келет. Дал ушул социалдык багыттагы саясат биздин мамлекеттерибизди жакындаштырып, бардык тармактар боюнча кызматташтыкты бекемдөөдө. Эки мамлекеттин лидерлеринин ортосундагы жеке ишеним жана достук мамилелер баарыбыз үчүн абдан жакшы үлгү. Биз өз ара мамилелердин бардык деңгээлдеринде сиздердин колдооңуздарды дайыма сезип келебиз

Которгон: Илгиз Жамалбеков