Өкмөттө өлкөгө инвестиция тартуу пландары каралды

Өкмөттө өлкөгө инвестиция тартуу пландары каралды

Казакстанда быйыл жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашкан 22 инвестициялык долбоор ишке кирди. Бул катарда Алматы облусунда вольфрам рудаларын кайра иштетүү жана Алматы шаарында уникалдуу залалдуу шишикке каршы препараттардын өндүрүшү бар. Мындан тышкары, дагы 7 долбоор боюнча жалпы суммасы эки жарым миллиард долларды түзгөн инвестициялык келишимдерге кол коюлду. Анын ичинде Жамбыл облусунда 1 ГВт жылуулук электр станцияларын куруу, Алматы облусунда сүт азыктарын өндүрүү жана Шымкент шаарында күнөскана комплексин куруу көздөлүп жатат. «Kazakh Invest» улуттук компаниясынын башчысы өкмөт менен бул багытта иш алып баруу жана өлкө экономикасына мындан ары каражат тартуу боюнча пландары менен бөлүштү. Ержан Елекеев дымактуу тармактарга инвестиция тартууга багытталган жаңы ыкма киргизилгенин белгиледи. Данды терең иштетүү, көмүр химиясы, мунай-химия жана мунай-газ жабдууларын өндүрүү сыяктуу 4 багыт аныкталды. Жакынкы үч жылда бир катар компаниялар менен биргеликте Казакстандын аймагында ири долбоорлорду ишке ашырууга 10 миллиард доллар багыттоо мерчемделип жатат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков