Берлинде Республика күнү белгиленди

Берлинде Республика күнү белгиленди

Казакстан Республикасынын күнү Берлинде да белгиленди. Буга байланыштуу уюштурулган расмий кабыл алууда Германиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Маттиас Луттенберг Казакстан элин улуттук майрамы менен куттуктады. Ал белгилегендей, биздин өлкө Германия үчүн ишенимдүү өнөктөш жана аймактагы стабилдүүлүктүн тиреги болгон жана болуп кала берет. Кеченин жүрүшүндө майрамдык концерт уюштурулду. Коноктор дүйнөлүк классика менен бирге казактын элдик ырларын угушту.

Доротея Халлер-Ляйбле, Ардактуу консул:

Концерт сонун болду. Мага Ержандын аткаруусундагы ыр абдан жакты. Кобыз менен флейтанын коштоосунда дуэт кылып, күүнү аткаргандарга абдан ыраазымын. Бардык казакстандыктарды улуттук мааракеси менен куттуктаймын. Сиздердин өлкөгө тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм.

Герхард Шрёдер, Германиянын экс-канцлери:

Республика күнүн майрамдоого катышканыма кубанычтамын. Казакстан бүгүнкү күндө маанилүү болгон тынчтык демилгелери менен белгилүү. Сиздердин өлкөлөр диндер арасында гана эмес, этникалык топтордун ортосунда да диалог түзүүдө. Бул жер бетинде тынчтыкты жана стабилдүүлүктү орнотууга кошкон салым деп эсептейм.

Мындан тышкары, кечеде Казакстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгы да белгиленди. Өлкөбүздүн Германиядагы элчиси Нурлан Онжанов эки тараптуу мамилелер тездик менен өнүгүп жатканын айтты. 2022-жылдын 7 айында гана эки тараптуу товар жүгүртүү 73%га өсүп, 5 миллиард евродон ашты.

Маттиас Люттенберг, Германиянын ТИМи Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:

Германия менен Казакстандын ортосундагы эки тараптуу мамилелер жакшы өнүгүп жатат. Казакстан маанилүү экономикалык өнөктөш өлкөлөрдүн бири. Бүгүнкү күндө сиздердин өлкө инвестиция үчүн жагымдуу өлкөлөрдүн бири. Көптөгөн ишкерлер муну карап жатышат. Биздин мамилелерибиз жыл сайын жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Казакстан менен Германиянын достугуна 30 жыл толду, мамилелерибиз мындан ары да өнүгө беришин каалайм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков