Казакстан менен
Орусия биргелешкен аракеттер планына кол койду. Ал 3 жылга каралган.
Сүйлөшүүлөрдүн алдында Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин кызматташуунун
негизги багыттарын аныктап, бир катар макулдашууларга жетишти. Ошентип, Орусия
президентинин расмий сапарынын алкагында ХХІ кылымдагы жакшы коңшулук жана
союздаштык жөнүндө келишимге кол коюлуп, он жылга карата өлкө лидерлеринин
биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Мындан тышкары, орусия тарап Көкшетау,
Семей жана Өскемен шаарларында ЖЭБдин курулушуна катышат. Меморандум Казакстан
менен Орусиянын энергетика министрликтеринин ортосунда түзүлдү. Буга кошумча эки
өлкөнүн бажы кызматтары, Эмгек жана ишке орноштуруу, дене тарбия жана спорт
министрликтери да кызматташууну өнүктүрүшөт. Тараптар колдоо жана маалыматтык
кызматташууну макулдашты. Тиешелүү келишимге Казакстан Республикасынын
Президентинин телерадиокомплекси менен Орусиянын ТАСС маалымат агенттиги кол койду.
Ал эми
Костанайда Казакстан менен Орусиянын аймактар аралык кызматташуу форумунун
алкагында 83 миллион долларды түзгөн 9 аймак аралык жана коммерциялык
келишимдерге кол коюлду. Ишкерлер Казакстанда узак мөөнөткө сакталуучу нан
азыктарын чыгаруучу заводдорду куруу, жүк көтөрүүчү жабдууларды жана өнөржай
сүтүн муздатуу үчүн жабдууларды өндүрүү боюнча заводдорду куруу жаатында
биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууну макулдашышты. Ошондой эле, Павлодар
менен Омск, Маңгыстау жана Астрахань, Батыш Казакстан жана Оренбург, Костанай менен
Оренбург облустары соода-экономикалык, илимий-техникалык, экологиялык,
маданий-гуманитардык тармактарда эл аралык мамилелерге мүмкүнчүлүктөрдү ачкан
аймактар аралык документтерге кол коюшту.
Ольга Камнева, ОФ
Тамбов облусунун экономика жана инвестициялык саясат министринин орун басары:
- Бүгүнкү күндө
Казакстан Республикасы Тамбов облусунун негизги соода-экономикалык
өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат жана биздин сооданын көлөмү жылдан-жылга
өсүүдө. Келечегибизди эске алуу менен биздин бизнес чөйрөлөр жана Казакстан
кызматташуунун жаңы багыттарын табат деп күтөм. Мисалы, май өнүмдөрү жаатында. Бул
багытта биздин делегация ири өндүрүүчүлөрдүн катарына кирет.
Темир Лесов, Этти
кайра иштетүү заводунун мүдүрү (Актау):
- Жеке мен бул форумга
санариптик чечимдерди табуу үчүн катышып жатам. Мал алынып келинип, союлат, бул
малдан 110-120га жакын өнүм алынат. Адамдар колмо-кол эсеп жүргүзгөндө ар
кандай каталар кетет. Биз бул жараянды автоматташтырууну каалайбыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков