2025-жылы
ИДӨнүн реалдуу өсүшү 5,6% деңгээлинде күтүлүүдө. Ал эми республикалык бюджеттин
кирешеси 15,5 триллион теңгеден ашып, дээрлик үч триллион теңгеге өсөт. Буга
экономиканы өнүктүрүү ыргагын көбөйтүү жана салыктык башкарууну жакшыртуу,
ошондой эле көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу өбөлгө түзөт. Бул Тууралуу
Каржы министрлигинин башчысы Мажилисте билдирди. Анда республиканын жаңы үч
жылдык бюджети кабыл алынды. Мади Такиевдин айтымында, ал мурдагыдай эле социалдык
жагына багытталат. Келерки жылы социалдык тармакка дээрлик 10 триллион теңге
жумшалат. Бул жалпы чыгымдардын үчтөн биринен бир аз көбүрөөк. Аймактарга 7,5
триллион бөлүнөт. Ал эми экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн 2
триллиондон бир аз көбүрөөк багытталат.
Мади Такиев, Каржы министри:
- Анын
ичинен мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык агроөнөр жай комплексин
өнүктүрүү күчөтүлдү. Бул багытка 2025-жылы 635 миллиард теңге каралып, быйылкы
жылга салыштырмалуу 30%га өскөн. 2025-жылы транспорт тармагын өнүктүрүүгө 568
миллиард теңге бөлүү пландалууда. Мында унаажол тармагын өнүктүрүүгө 423
миллиард теңге каралган. Суу ресурстарын натыйжалуу башкарууга 137 миллиард
теңге жумшалат. Бул быйылкы жылга салыштырмалуу 51 миллиард теңге же 59% га
өскөн.
Мажилис
2025-2027-жылдарга кепилденген трансферт тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды
Ошондой эле Мажилис 2025-2027-жылдарга кепилденген трансферт жөнүндө
тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл алып, улуттук фонддон жыл сайын эки триллион
теңгени алып салууну колдоду. Министрлер кабинетинин өкүлдөрүнүн айтымында, аны
кабыл алуу республикалык бюджетти тең салмактоого мүмкүндүк берет.
Нурлан Байназаров, Улуттук экономика
министри:
- Кепилденген трансферттин өлчөмү бюджеттик эрежелерге ылайык
аныкталат. Мыйзам долбоорунда мунайдын баррелинин баасы 2025-жылы 42,3 доллар
жана 2026-2027-жылдары 41-39,4 доллар деп белгиленген. Муну эске алуу менен
2025-2027-жылдарга кепилденген трансферттин өлчөмү жыл сайын 2 трлн теңге
көлөмүндө аныкталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков