Казакстан менен Нидерланды айыл чарба жаатында кызматташат. Тараптар аталган тармактагы биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүүнү пландаштырууда. Ветеринария жана үрөнчүлүк багытында тажрыйба алмашуу да артыкчылыктуу. Өзгөчө экологиялык таза айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүү жана экспорттоодо казак фермерлеринин дарамети абдан чоң болгондуктан, өз ара аракеттенүү товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө жардам берет. Мында тараптар агробизнести өнүктүрүү маселелерин туруктуу негизде чечүүгө ниеттенишүүдө. Бул үчүн биргелешкен айыл чарба комитети түзүлдү. Жылдык жыйындарга бизнестин өкүлдөрү жана тармак адистери чакырылат. Тиешелүү меморандумга Алматыдагы «Agroworld Qazaqstan» көргөзмөсүнүн алкагында кол коюлду.
Ян Кейс Худ,
Нидерланды Королдугунун айыл чарба, жаратылыш жана тамак-аш сапаты боюнча
вице-министри:
- Бул жылы Нидерланды
көргөзмөгө өнөктөш өлкө катары чыкты. Мында 25тен ашык алдыңкы нидерланддык компаниялардын
өкүлдөрү бар. Бул биздин эл аралык кызматташууга, билим алмашууга жана туруктуу
айыл чарбага болгон умтулуубузду көрсөтүп турат. Нидерландылык компаниялардын бул
жаатта чоң тажрыйбасы бар. Биз Казакстанда ар кандай туруктуу айыл чарба
иш-чараларында өнөктөш болууну чыдамсыздык менен күтөбүз.
Маалыматка ылайык, Казакстан менен Нидерландынын ортосундагы агроөнөр жай тармагындагы товар жүгүртүү өстү. Үстүбүздөгү жылдын тогуз айында ал 62 миллион долларга жакындады. Бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үчтөн бир эсе көп. Белгилей кетсек, Казакстан дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу индексинде 113 өлкөнүн ичинен 32-орунда турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков