Мамлекет башчысы Премьер-министр Олжас Бектеновду кабыл алды

Мамлекет башчысы Премьер-министр Олжас Бектеновду кабыл алды

Экономиканы ар тараптандыруу чаралары натыйжаларды берүүдө. Үчүнчү кварталдын жыйынтыгы боюнча чийки зат эмес секторду өнүктүрүүнүн натыйжасында Казакстандын ИДӨнүн өсүшү 4% ды түздү. Кайра иштетүү өнөр жайында өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү 14 региондо катталды. Премьер-Министр Мамлекет башчысына социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берди. Алсак, тышкы товар жүгүртүү 91 млрд доллардан ашкан, мында экспорттун үлүшү - 3,3% га көбөйдү.  Олжас Бектеновдун айтымында, мамлекеттик бюджетке дээрлик 15 трлн теңге түштү. Муну менен бирге мыйзамсыз сатылып алынган активдерди кайтаруу боюнча иштер да жүргүзүлүүдө. Алсак, мамлекеттин кирешесине 265 миллиард теңге актив которулган. Бардык каражаттар социалдык маанилүү максаттарга жумшалат. Атап айтканда, маданий-билим берүү жана спорттук борборлордун курулушу, муктаж болгондорго колдоо көрсөтүү жана реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн Өкмөттүн ишин активдештирүүнү тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков