Казакстандыктар Жакынкы Чыгыштан эвакуацияланып жатат

Казакстандыктар Жакынкы Чыгыштан эвакуацияланып жатат

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу казакстандыктарды өлкөгө эвакуациялоо уланууда. Сауд Арабиясынын Мекке, Медина, Жидда шаарларынан ажылыкка кеткен 600дөн ашуун мекендештер 4 чартердик рейс менен өлкөгө жеткирилди. Учактардын үчөө Атырауга, бирөө Актауга конду. Ошондой эле, БАЭ менен Омандан Маскат – Алматы багытындагы рейс менен Казакстанга 314 адам кайтып келди. Тышкы иштер министрлиги, транспорт министрлиги жана авиакомпаниялар жарандарды өлкөгө кайтаруу ишин улантат. Өлкөнүн Тышкы иштер мекемесининбилдирүүсүнө ылайык, учактан тышкары, жердештер кургактык аркылуу да өлкөгө кайтып жатышат. Атап айтканда, Казакстандын Тегеран, Ашхабад жана Горгандагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Иран-Түркмөнстан, Иран-Армения чек арасы аркылуу казакстандыктардын чыгуусуна жардам көрсөттү. Жалпысынан бүгүнкү күндө Жакынкы Чыгыштан 1200дөн ашуун өлкө жараны мекенине кайтты.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков