Казакстанда туризмдин өнүгүшү тармак туристтерди жана инвесторлорду тартат

Казакстанда туризмдин өнүгүшү тармак туристтерди жана инвесторлорду тартат

азакстан жаңы туристтик багыт катары чет элдик саякатчыларды барган сайын көбүрөөк кызыктырууда. Бул рынокко ири эл аралык туроператорлорду да тартат. Мисалы, Алматыда HiSEAS International компаниясынын Борбор Азиядагы биринчи кеңсеси ачылууда. Учурда компаниянын дүйнө жүзү боюнча 45тен ашык өкүлчүлүгү бар жана Казакстан глобалдык туризм картасындагы жаңы пункт болуп калат.

Кайрат Садвакасов, Hiseas International компаниясынын борбор азия боюнча стратегиялык кеңешчиси:

- Көптөгөн ар кандай көргөзмөлөрдөн, роуд-шоулардан кийин кызыгуунун өсүп жатканын көрүп жатабыз, туристтердин агымы көбөйүүдө жана бул Казакстанга гана эмес, Борбордук Азиянын башка багыттарына да тиешелүү. Менимче, азыр Казакстанга же жалпысынан Борбордук Азияга мүмкүн болушунча көбүрөөк турист алып келүү үчүн бул мүмкүнчүлүктөн пайдалана турган учур. Азыр биз Азия рынокторуна, андан кийин Европа жана Жакынкы Чыгыш багыттарына басым жасайбыз.

Алматыдагы ири эл аралык туроператордун кеңсеси аймакка саякатчылар үчүн «дарбаза» болуп калат. Казакстандын кошумча тартымдуулугуна кийинки жылдын жалган куран айында Алматы–Токио түз каттамынын ишке кириши, ошондой эле улуттук авиакомпаниянын жана башка компаниялардын иштеп жаткан каттамдары да таасир этет. Дагы бир артыкчылык –өлкө туризмдин ар кандай түрлөрүн, анын ичинде азыркы популярдуу – экологиялык туризмди сунуштайт. Казакстанда уникалдуу флорасы жана фаунасы бар 14 улуттук парк бар. Кайрат Садвакасовдун айтымында, дүйнөлүк суроо-талап өлкө сунуш кыла ала турган анык таасирлерге дал келет. Серепчилердин пикиринде, HiSEASтын Казакстанда болушу туризмдин өнүгүшүндөгү жаңы этап гана эмес, чет элдик инвесторлор үчүн аймакка болгон ишенимдин маанилүү белгиси болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков