Казакстандын президенти маданият жана искусство кызматкерлерин сыйлоо аземине катышты

«Салбурун» жана «беташар»казак улуттук салттары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирет. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев маданият жана искусство кызматкерлерин сыйлоо аземинде билдирди. Мамлекет башчысы маданият жана искусство чөйрөсүн өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи. Буга байланыштуу өлкөдөгү үч башкы музейге улуттук макам ыйгарылат. Астанадагы Казак Улуттук искусство университетине белгилүү ырчы Куляш Байсеитованын ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынды. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн руханий жашоосун жаңылоого багытталып көрүлүп жаткан чаралар тууралуу да эске салды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бүгүнкү күндө мамлекет бул маанилүү тармактын инфраструктурасын ар тараптуу өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Акыркы үч жылдын ичинде эле өлкө боюнча 700дөн ашык объект оңдолуп, 160ы жаңы курулду. Маданият жана искусство мекемелеринин жабдылышы бара-бара жакшырууда. Үч он жылдыкта биринчи жолу профилдик окуу жайлар жана мамлекеттик концерттик уюмдар үчүн музыкалык аспаптарды сатып алууга бюджеттен каражат бөлүндү.


Которгон: Илгиз Жамалбеков