Казакстан президенти «жумушчу кесиптердин шаары» фестивалына барды

Казакстан президенти «жумушчу кесиптердин шаары» фестивалына барды

Казакстандын президенти бүгүн «Жумушчу кесиптердин шаарына» барды. Кеңири масштабдагы фестиваль мамлекет башчысы тарабынан жарыяланган «Жумушчу кесиптер» жылын ачты. Бардык кызыкдар тараптар келечектеги адистер, кесиптик билим берүү уюмдары жана, албетте, иш берүүчүлөр - ЭКСПО көргөзмө аянтчасында жолугушту. Алдыңкылар үчүн бул жерде эң негизгиси ачык - кесипти тандоо, анын бардык өзгөчөлүктөрүн жана келечегин үйрөнүү мүмкүнчүлүгү. Бул жерде 40 интерактивдүү көргөзмө аянты жана 200дөн ашык адистиктер көрсөтүлгөн. Касым-Жомарт Токаев энергетика, тоо-кен, металлургия, мунай-газ, курулуш, айыл чарба жана башка тармактар үчүн жумушчуларды даярдоонун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысынын айтымында, азыр тажрыйбалуу адистердин учуру – алар, мисалы, атомдук электр станциясын куруу сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырууда талап кылынат. Жаштар менен баарлашкан соң Касым-Жомарт Токаев кандай гана эмгек болбосун урмат-сыйга татыктуу экенин баса белгилеп, аларды абийир менен иштөөгө, өлкөдөгү биримдикти жана ынтымакты сактоого чакырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Биз «көп түрдүүлүктөгү биримдик» идеологиясын карманабыз. Биз ар кайсы улуттун, диндин өкүлдөрү болгонубуз менен бир коом, бир элбиз. Баарыңыздарды бул терең процессти түшүнүүгө чакырам. Ошонун негизинде гана ийгиликке жетебиз.

Президент өлкөнүн башкы баалуулугу катары туруктуулукту сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Учурда Украина тууралуу көп сөз болуп жатат. Биз башынан эле согушту токтотууну, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу макулдашууга жетишүүнү жактап келгенбиз. Биздин позициябыз чындыкка айланып баратат, эки чоң держава саясий диалогго киришти. Бул позитивдүү тенденция жана Казакстанга пайда алып келет. Ошондуктан мындай тенденцияны колдон келишинче колдойбуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков