Мамлекет башчысы деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун үчүнчү конференциясына катышты. Ал эми БУУнун конференциясынын ачылыш аземинин алдында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу өттү. Анда тараптар аймак өлкөлөрүнүн мындан аркы кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Белгилей кетсек, өз ара карым-катнаш - деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн өнүгүү жолунун маанилүү кадамы, деп эсептейт Касым-Жомарт Токаев. Казакстандын Президенти БУУнун үчүнчү конференциясында сүйлөгөн сөзүндө аймактагы чектелген байланыш – деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн башкы көйгөйү экенин белгиледи. Бул транзит жана соода чыгымы, ошондой эле геосаясий факторлорго аялуулук сыяктуу бир топ экономикалык кыйынчылык жаратат. Аталган тоскоолдуктар жарандардын бакубаттуулугуна, ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү төмөндөтөт жана калктын жашоо деңгээлине таасир этет. Президенттин айтымында, ушул топтун курамындагы 32 өнүгүп келе жаткан өлкөдө жарым миллиарддан ашык адам жашайт.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Деңизге чыга албаган көптөгөн өнүгүп келе жаткан өлкөлөр суунун жетишсиздиги, мөңгүлөрдүн эриши, чөлдөшүү сыяктуу экстремалдык табигый кубулуштарга дуушар болууда. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн аймак өлкөлөрүнүн биргелешкен аракеттери жана активдүү эл аралык колдоо зарыл. Бирок, менин оюмча, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү чаралары тең салмактуу жана инклюзивдүү мүнөзүн сактап, өлкөлөрдүн өнүгүү жолундагы суроо-талаптарына ылайык болууга тийиш. Климаттык өзгөрүүлөр менен күрөшүүгө жумулуу максатында сиздерди келерки жылы чын куран айында Бириккен Улуттар Уюму менен бирге Астанада уюштурула турган Региондук экологиялык саммитке чакырамын.
Мамлекет башчысы аймактык күн тартиби боюнча пикирин билдирип, өлкөлөрдүн мүмкүнчүлүгү география менен чектелбесин Борбор Азиянын тажрыйбасы көрсөтүп жатканын айтты. Касым-Жомарт Токаев сөзүн жыйынтыктап, Казакстандын деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр тобунун максаттары менен принциптерине берилгендигин ырастады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Биз Ортоңку коридор жана «Түндүк – Түштүк» багытындагы транспорттук
жолдорду жана транзиттик инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө маани беребиз.
Түпкү максатыбыз – темир жолдун, автоунаа жолдорунун, ошондой эле авиация жана
логистика борборлорунун бирдиктүү тармагын түзүү. Бул Казакстандын Евразиялык
транзиттик хаб катары позициясын бекемдейт. Азыркы учурда Азия менен Европанын
ортосундагы кургактык аркылуу ташылган жүктүн 85 пайызга жакыны өлкө аркылуу
өтөт.
Дээрлик жыйырма жыл мурда Казакстан деңизге чыга албаган өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн БУУнун биринчи конференциясын өткөрүп, лидерлик ролду ойногон. Мамлекет башчысы Казакстан Аваза иш-аракеттер программасын туруктуу, инклюзивдүү жана ордунан жылууга мүмкүндүк берген келечекке жеткирүүчү жол картасы катары толук колдой турганын билдирди. Бул маанилүү демилге транзиттик өлкөлөрдүн, эл аралык өнүктүрүү уюмдарынын жана каржы институттарынын саясий колдоосуна ээ болууга тийиш. Транспорт, энергетика жана санариптик инфраструктура сыяктуу негизги секторлорго инвестицияны шыктандырууга багытталган жаңы каржы механизмдери керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

