Казакстан менен Индонезия соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүүгө басым жасашууда. Анын мүмкүнчүлүктөрүн Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов менен Индонезиянын Экономикалык маселелери боюнча министр-координатору Аирлангго Хартарто талкуулашты. Белгилей кетсек, өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 244 миллион доллардан ашкан. Ал эми 2026-жылдын биринчи кварталында 31,5 миллионду түзгөн. Тараптар бул көрсөткүчтөрдү көбөйтүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептешет. Казакстандык экспортко келсек, анын негизин кайра иштетүү өнөр жайынын өнүмдөрү, металлургия, химия түзөт. Өз кезегинде Индонезиядан өлкөгө электроника жана текстиль ташылат. Жалпысынан жолугушууда өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн жаңы өсүү чекиттери белгиленди – атап айтканда, энергетика, өнөр жай, айыл чарба, текстиль тармагы, ислам банкинги, санариптик экономика, билим берүү жана туризм. Сүйлөшүүгө катышкандар транспорттук-логистикалык маршруттарды өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл бурушту. Мисалы, Казакстандын транзиттик дараметин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

