Казакстандын Конституциялык соту жаңы Конституциянын бир катар жоболоруна расмий түшүндүрмө берди. Бул түшүндүрмө 1995-жылкы Конституциянын негизинде ыйгарым укуктуу адамдардын кайра шайлануу же кайра дайындалуу укугуна байланыштуу маселеге тиешелүү. Кеп Президент, Конституциялык соттун төрагасы менен судьялары, Жогорку соттун төрагасы, ошондой эле Башкы прокурор жөнүндө болуп жатат. Сотто бул кызматтарды аткарууда мурдагы кызмат өтөгөн мөөнөттөр эске алынбай турганы айтылды. Түшүндүрмөгө ылайык, жаңы Конституцияда каралган чектөөлөр ал күчүнө кирген учурдан тартып колдонулат. Ошентип, 2026-жылдын теке айынын 1нен кийин болгон ар кандай шайлоо же дайындоо жаңы Баш мыйзамга ылайык, биринчи кызмат мөөнөтү деп эсептелет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

