«Казакстанды камтуу 2.0» эл аралык форуму өтөт

«Казакстанды камтуу 2.0» эл аралык форуму өтөт

Астанада «Казакстанды камтуу 2.0»  эл аралык форуму өтөт. Борбор калаанын аянтчасында металлургиялык комплекстин жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, инвесторлор жана эл аралык серепчилер жолугушат. Иш-чарага 2000дей делегаттын катышуусу күтүлүүдө. Жыйында тармактын өнүгүү дарамети жана жергиликтүү камтуунун үлүшүн көбөйтүүгө багытталган заманбап ыкмалар жана алдыңкы эл аралык тажрыйба талкууланат. B2B жана G2B жолугушуулары үчүн диалог мейкиндиктери түзүлгөн. Ошондой эле, форумдун алкагында Казакстандын жер казынасын пайдалануучулардын катуу пайдалуу кендерди сатып алуусунун жаңы аналитикалык системасы көрсөтүлөт.

Мурат Амрин, «Атамекен» УИП башкарма төрагасынын орун басары:
- Ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн иштеп жаткан жана пландаштырылган инвестициялык долбоорлору боюнча бардык маалыматтарды консолидациялоо жана аларды ишке ашырууга акыркы көзөмөлдү күчөтүү мерчемделип жатат. Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун абалы жөнүндө бардык маалыматтар жер казынасын пайдалануучуларга, мамлекеттик органдарга жана Улуттук ишкерлер палатасына жеткиликтүү болот. Бул өндүрүштү ийгиликтүү ишке киргизүү үчүн мамлекеттик колдоо чараларын бир кыйла сапаттуу көзөмөлдөөгө жана башкарууга шарт түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков