Казакстанда маймыл чечек оорусу катталган жок. Өкмөттө эпидемиологиялык кырдаал каралды. Адистердин айтымында, өлкө аймагында зыяндуу эпидемиянын пайда болуу коркунучу аз. Биздин өлкөдө дүйнөнү тынчсыздандырган сейрек кездешүүчү жугуштуу оорунун жайылышына жол бербөө үчүн бардык профилактикалык иш-чаралар көрүлүп жатат. Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Биздин өлкөгө инфекция катталган башка мамлекеттерден келген жарандарга өзгөчө көңүл бурулат. Шектүү бейтаптар аныкталган учурда тиешелүү кызматтардын иш-аракеттеринин алгоритмдери иштелип чыккан. Дары-дармек каражаттарынын запастарынын зарыл көлөмүн түзүү боюнча чаралар көрүлдү.
Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-Министри:
– Көрүнүп тургандай, тынчсызданууга азырынча негиз жок. Казакстанда коркунучтуу эпидемияга чалдыккан бир дагы учур катталган эмес. Саламаттык сактоо министрлиги мындан ары абалды көзөмөлдөп турсун жана өлкөнүн аймагында жугуштуу оорунун жайылуу коркунучуна жол бербөө боюнча профилактикалык чараларды көрсүн. Бул айрыкча аэропортторго жана чек ара бекеттерине тиешелүү.
Өкмөттүн жыйынында ошондой эле алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү маселелери каралды. Тармактын адистеринин айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү жана саламаттык сактоо объекттеринин 90% жана турак үйлөрдүн 70% даяр. Социалдык объектилерди, энергия булактарын жана жеке секторду отун менен камсыз кылуу иштери графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Эскерте кетсек, быйыл жылуулук тармактарын жаңылоого казынадан 92 жарым миллиард теңге бөлүнгөн. Премьер-министр аяк оона айынын бирине чейин билим берүү обьектилерин, ал эми тогуздун айынын 15не чейин саламаттык сактоо жана турак жай фондун толук кандуу камсыз кылууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков