Казакстан менен Орусиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Орусиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Орусиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакстандын президентинин Орусияга пландалган мамлекеттик сапарына даярдык маселеси талкууланды. Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин Москвада өтө турган сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин андан ары өнүктүрүү жагынан өзгөчө маанилүү экенине көңүл бурушту. Ошондой эле дүйнөдөгү азыркы кырдаалдын айрым аспекттери каралды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков