Сенат балдарды киберкуугунтуктан коргоо боюнча мыйзамга бир катар түзөтүүлөрдү киргизди. Маселен, документте ыйгарым укуктуу органга интернет-ресурстарга, социалдык тармактарга, мессенджерлерге кирүүнү ыктыярдуу түрдө чектөөгө же токтотууга уруксат берүүчү ыйгарым укуктар камтылган эмес. Бүгүнкү күндө алардын баары «Байланыш жөнүндө» мыйзам менен жөнгө салынат. Андыктан, депутаттар жаңы мыйзамда мурдагы нормаларды кайталоонун зарылчылыгы жок деп эсептешет. Максат интернетти толугу менен жабуу эмес, балдарга тиешелүү киберкуугунтуктоо маалыматына жол бербөө көздөлүп жатат. Аны мамлекеттик орган эмес, атайын талдоочулук топ чечиши керек. Анын курамына юристтер, психологдор, лингвисттер жана балдардын укугун коргоочу коомчулуктун башка да өкүлдөрү кирет. Мыйзамдын жаңы жоболорун ишке ашыруу боюнча өлкөнүн активисттери түрдүү көз карашта. Ошондуктан, сунушталган эрежелерди дыкат иликтеп, келип түшкөн кайрылууларды эске алуу үчүн документ Мажилиске кайра кайтарылды.
Бейбит Исабаев, Казакстан Парламенти Сенатынын Депутаты:
– Мажилис тарабынан жактырылган мыйзам долбоору Казакстан Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келген бардык мазмунду жоюу каралган, ал эми биздин вариантта – балдарга карата киберкуугунтуктоону алып салуу боюнча серепчилер тарабынан сунушталган киберкуугунтуктун ачык белгилери бар контентти гана алып салуу сунушталат. Мында ыйгарым укуктуу органдын чечими чыккандан кийин интернет-ресурстун расмий өкүлү бир сутканын ичинде мындай ачык-айкын бузуулар менен мазмунду өчүрүүгө тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков