Казакстанда 5 жаңы мунай-газ химия ишканасы ачылат

Казакстанда 5 жаңы мунай-газ химия ишканасы ачылат

Казакстанда мунай-газ химиялык өндүрүш көлөмү өсөт. Бул максатта 2029-жылга чейин өлкөдө 5 ири ишкана ачылат. Кытай жана орус өнөктөштөрүнөн тартыла турган инвестициянын жалпы көлөмү 14 миллиард доллардан ашат. Алардын арасында бутадиен, полипропилен чыгаруучу завод, ошондой эле, Теңгиз кенинде газды бөлүп чыгаруучу цех бар. Бул тууралуу энергетика вице-министри Алибек Жамауов биздин телеканалга берген маегинде билдирди. Ошондой эле, ал тармакты өнүктүрүүнүн башка пландары менен бөлүштү. Ага ылайык, Шымкенттеги мунайды кайра иштетүү заводун модернизациялоо күтүлүүдө. Мунун аркасында заводдо мунайды кайра иштетүү 6 жылдын ичинде эки эсеге – жылына 6 миллион тоннадан 12 миллион тоннага чейин өсөт. Энергетика министрлигинин өкүлү өлкөдө 2023-жылга карата мунай өндүрүүнүн болжолун жарыялады. Алибек Жамауовдун айтымында, ал болжол менен 90,5 миллион тоннаны түзүшү керек. Анын 70%га жакыны экспортко жиберилет. Ошол эле учурда, Казакстан жаңы багыттар боюнча жылына чийки заттын 7 миллион тоннасын Бакуга, ал эми айына 120 миң тоннасын Германияга жеткирүүгө даяр.

Алибек Жамауов, Энергетика вице-министри:
- Казакстан мунайды Атырау-Новороссийск мунай кууру аркылуу экспорттойт. Бул негизги багыт десек болот. Андан ары мунай Балтика деңизи менен Европага жана Батыш мамлекеттерине экспорттолот. Дагы бир багыт Атырау — Самара өткөрмө түтүгү аркылуу Усть-Луга портуна жеткирилип, андан кийин Кара деңиз аркылуу Батыш өлкөлөрүнө жиберилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков