Казакстандыктар президенттик шайлоо күнү чет өлкөдө добуш бере алышат. Жетинин айынын 20сында 53 өлкөдө 68 шайлоо участкасы ачылат. Кандайдыр бир себеп менен бул күнү чет өлкөдө боло турган мекендештерге тиешелүү. Республиканын Тышкы иштер министрлиги жарандар Казакстандын дипломатиялык же консулдук өкүлчүлүгүнө кайрылса болорун, анын алдында шайлоо участогу түзүлгөнүн билдирди. Чет элдик өкүлчүлүктөрдө добуш берүү шайлоо күнү жетинин айынын 20сында жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:00дөн 20:00гө чейин өткөрүлөт. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен алдын ала жакынкы шайлоо участогу менен байланышып, шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн маалыматтарды берүүнү суранабыз.
Асан Мажитов, №286 шайлоо участогунун комиссиясынын төрагасынын орун басары:
Түркия Республикасында – Анкара, Стамбул жана Анталия шаарларында 3 шайлоо участкасы ачылат. Шайлоо участкалары саат 7.00дө ачылып, 20.00гө чейин иштейт. Биз өз тарабыбыздан Казакстандын жарандарын алдын ала жакынкы шайлоо участогуна байланышып, шайлоочулардын тизмесине киргизүү үчүн маалымат берүүнү суранабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков