Казакстанда биржалык соодадагы таза эмес иштеген катышуучулардын тизмеси түзүлөт. Ал эми мындай аукциондордо коомдук маанидеги товарлар жалпы тизмеден бөлөк алынат. Анын ичинде - көмүр, буудай жана мунай өнүмдөрү бар. Алардын соодасы атайын түзүлгөн биржаларда жүзөгө ашырылат. Ал өкмөттүн чечимине ылайык каралып, сынактын негизинде гана тандалат. Ушул жана башка жаңычылдыктарды камтыган тиешелүү мыйзам долбоорун Соода жана интеграция министри тааныштырды. Арман Шаккалиевдин айтымында, бул чаралар актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн кабыл алынганы жатат. Бул - өндүрүүчүлөр баа койгондо бардык процесстердин ачык болуусу жана биржалардын өзүнө деген жөнгө салуу талаптарын күчөтүү. Муну менен катар, биржаларга коммерциялык сырды сактоо талаптарын кайра карап чыгуу да көздөлүүдө. Катышуучулар менен бардык сатып алуулар тууралуу маалыматты ачык жарыялоо зарылдыгы айтылды. Бул товар жүгүртүүнү көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Соода жана интеграция министрлиги чакан жана орто бизнес өкүлдөрүн биржадан чыгарууну сунуштап жатат.
Арман Шаккалиев, Соода
жана интеграция министри:
- Мамлекет башчысы
койгон бардык милдеттер мыйзам долбоорунда чагылдырылган. Натыйжада биржа соодасы товар
жүгүртүүнүн, экономиканын жана ата мекендик өндүрүштүн өсүшүнүн маанилүү
кыймылдаткычы болууга тийиш. Ачык рыноктук бааларды калыптандыруу жана биржалык
соодага катышуучулардын акча агымына көзөмөлдү күчөтүү негизги жыйынтык болот.
Алихан Смаилов,
Казакстандын Премьер-министри:
- Мамлекеттик
органдар 2 күн ичинде биржа товарлар маселеси боюнча мыйзам долбооруна Өкмөттүн
корутундусунун долбоорун макулдашууга тийиш. Экинчиден, Санариптик өнүктүрүү
министрлиги учурдагы дүйнөлүк стандарттарды эске алуу менен товардык биржада
программалык камсыздоонун маалыматтык коопсуздугун жогорулатуу маселесин бышыктоо
керек. Үчүнчүдөн, Соода министрлиги Юстиция министрлиги менен ошондой эле, Атаандаштыкты
коргоо жана өнүктүрүү боюнча агенттик менен биргеликте Административдик укук
бузуулар жөнүндө кодекске товардык биржалардын, алардын катышуучуларынын
жоопкерчилигин катаалдаштыруу боюнча толуктоолордун топтомун иштеп чыгууга
тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков