Казакстан менен Германия кызматташуу тууралуу биргелешкен декларация кабыл алышты

Өткөн жылы Казакстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу товар жүгүртүү дээрлик 4 миллиард долларды түзгөн. Бул жылы да байкалууда. Акыркы жети айда өз ара соода көлөмү болжол менен 2 жарым миллиард долларды түздү. Бул тууралуу мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин өлкөгө расмий сапар менен келген Германиянын Федералдык канцлери менен жолугушуусунда белгилүү болду. Олаф Шольцтун бул сапары чоң мааниге ээ. Германиянын өкмөт башчысы 14 жылдан бери биринчи жолу расмий сапар менен биздин өлкөгө келди. Ошондуктан бул эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө жаңы дем берет деп күтүлүүдө. Маектешүүнүн жүрүшүндө энергетика, «жашыл» трансформация, өнөр жай, тоо-кен жана билим берүү тармактарындагы интеграцияга өзгөчө көңүл бурулду.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Бүгүнкү жолугушуу Казакстан менен Германиянын көп кырдуу кызматташтыгына жаңы дем берет деп ишенебиз. Анткени биздин өлкөлөрдүн ортосунда өз ара ишеним бар жана бекем достук мамилелер түзүлгөн. Биз аз гана курамда соода, экономика, инвестиция тармактарында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук. Мындан тышкары, эл аралык актуалдуу маселелер жөнүндө сөз болду.

Олаф Шольц, Германиянын канцлери:

- Биз сиздердин өлкөгө түз инвестиция салуу жана соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү максатында экономикалык байланыштарыбызды жакшыртуу үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Албетте, биз бардык тармактарда экономикалык кызматташтыкты өнүктүргүбүз келет. Биздин энергетикалык өнөктөштүк ырааттуу түрдө алдыга жылып жатканына ыраазыбыз. Эки өлкөнүн ортосунда ишенимдүү жана системалуу кызматташтык бар. Бул дүйнө үчүн жакшы үлгү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар Казакстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтык жөнүндө биргелешкен декларацияны жана бир нече моморандумдарды кабыл алышты.

Которгон: Назира Бегалиева