Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга иш сапары менен келди

Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга иш сапары менен келди

Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга иш сапары менен президент Шавкат Мирзиеевдин чакыруусу менен келди. Мамлекет башчысын аэропорттон Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. Казакстандын Президенти Самаркандда «Борбор Азия – Евросоюз» саммитине жана «Глобалдык климаттык чакырыктар мезгилиндеги Борбор Азия» эл аралык конференциясына катышат. Ошондой эле бир катар жолугушууларды өткөрүү көздөлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков