Казакстанда 5 ири демилге ишке
ашырылып, жалпы инвестициясы 19 жарым миллиард долларды түзөт. Өкмөттөгү
жыйында металлургия жана мунай-химия тармагындагы долбоорлорду ишке
ашыруу тууралуу сөз болду. Павлодар облусунда гидрометаллургиялык комбинаттын
курулушу жүргүзүлүүдө. Анда 300 миң тоннага чейин алтын камтыган концентратты
кайра иштетүү жана доре эритмеси түрүндө 15 тоннага чейин алтын өндрүү
көздөлүүдө. Ал эми Атырау облусунда үч мунай-химиялык долбоорду ишке ашыруу
каралган – бул бутадиен, полиэтилентерафталат жана полиэтилен өндүрүү боюнча
заводдор. Ошондой
эле облуста газ менен камсыздоочу комплекс куруу пландалууда – ал этан жана
пропан газын чыгарат. Мындан тышкары, Шымкент мунайды кайра иштетүүчү заводун
кеңейтүү мерчемделүүдө. Ал жылына 6 миллион тоннадан 12 миллион тоннага чейин
мунайды кайра иштетүү көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Өкмөт башчы
жер-жерлерде долбоорлорду ишке ашырууга көзөмөлдү камсыз кылууну тапшырды.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

