Бүгүн Астанада Түрк мамлекеттер
уюмунун 10-мааракелик саммити өтөт. Жыйынга уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары
– Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Кыргызстан жана Түркиянын президенттери,
ошондой эле байкоочу өлкөлөр: Венгрия менен Түркмөнстандын жетекчилери катышат.
Бир катар келишимдердин жана расмий документтердин кабыл алынышы күтүлүүдө.
Алар уюмдун экономика, соода, транспорт, бажы, каржы, билим берүү, туризм жана
маданият тармагындагы долбоорлоруна тиешелүү. Которгон: Илгиз ЖамалбековЛидерлер ошондой эле аймакта жана дүйнөдө
болуп жаткан глобалдык саясий экономикалык окуяларды талкуулашат. Серепчилер
белгилегендей, акыркы жылдары өлкөлөр ортосунда дипломатиялык жана экономикалык
байланыштар түзүлдү. Уюмга мүчө
өлкөлөрдүн соода жүгүртүүсү 27 миллиард долларды түзөрүн Казакстандын Тышкы
иштер министрлиги белгиледи. Кызматташтыкты өнүктүрүүдө Түрк инвестициялык
фонду да чоң роль ойнойт. Тараптар түрк дүйнөсүнүн экономикалык интеграциясы
үчүн биринчи биргелешкен каржы институтун түзүү боюнча макулдашышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков