Казакстанда интернет ылдамдыгы Орусия, Кыргызстан жана Өзбекстанга караганда жогору. Бүгүнкү күндө дүйнөлүк желени пайдаланган казакстандыктардын үлүшү өнүккөн өлкөлөрдүн деңгээлинде. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында тиешелүү мекеме башчысы маалымдады. Жаслан Мадиевдин айтымында, бир жарым жылдан кийин өлкөдө 5G мобилдик байланышын киргизүү аяктайт. Азыр 20 шаарда миңден ашык базалык станциялар орнотулган. Жалпысынан 2027-жылдын аягына чейин байланыш операторлорунун тармакка салган инвестициясынын көлөмү 450 миллиард теңгеден ашат. Тиешелүү министрлик байланыштын сапатын жакшыртуу боюнча бир катар чараларды иштеп чыккан. Мисалы, өлкөдөгү базалык станциялардын радио сигналынын уруксат берилген чектүү деңгээли жөнүндө жобону кайра карап чыгуу сунушталат. Казакстанда өнүккөн өлкөлөргө караганда 10-20 эсе катуу нормативдер бар.
Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:
-Буга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигине алдыңкы эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен радио сигналдын эң жогорку 4 уруксат берилген деңгээли жөнүндөгү жобону кайра карап чыгууну өтүнөм. Шаарлардагы интернеттин жана уюлдук байланыштын жогорку сапатын камсыз кылуунун алкагында министрликтин техникалык адистери байланыш сапатына өлчөөлөрдү жүргүзөт. Өлчөөнүн жыйынтыгы боюнча байланыш сапаты төмөн жерлер аныкталат. Андан соң министрлик акимчиликтер жана уюлдук операторлор менен биргеликте “ак тактарды” жок кылуу боюнча иштерди жүргүзөт. Бул иштер республиканын шаарларында байланыштын сапатын жакшыртуу алкагында болот.
Муну менен катар байланыш көйгөйлөрүн чечүү боюнча туруктуу жумушчу штаб түзүлдү. Анын курамына министрликтин, акимчиликтердин жана байланыш операторлорунун өкүлдөрү кирет. Өлкө боюнча байланыштын сапатын жакшыртууга атайын иштелип чыккан санариптик платформа салым кошот. Ошондой эле, министрдин айтымында, азыр казакстандыктар каалаган жерде байланыш сапатына өз баасын бере алат.
Жаслан Мадиев, Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмос өнөр жай министри:
- Бүгүн мен сиздерге бул “Санариптик картанын” техникалык ишке киргизилгендигин билдиргим келет. Шилтеме министрликтин сайтында жайгаштырылган. Аны ар бир жаран көрө алат. Бул карта пилоттук режимде кошулган. Функционал жагынан толукталат. Бул байланыштын сапатына коомдук көзөмөлдү күчөтүүгө жардам берген чара.
Которгон: Илгиз Жамалбеков