Казакстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү биринчи жарым
жылдыкта 6,5%га өсүп, 29 триллион теңгеге жетти. Негизги өсүштү унаа жасоо,
химия жана тамак-аш тармактары камсыздады. Иштеп чыгаруу өнөр жайы өлкөнүн
ИДӨнө 12,4% деңгээлинде салым кошту. Жалпысынан республикада экономиканын
реалдуу секторун өнүктүрүү боюнча мамлекет башчысынын тапшырмаларын жигердүү
ишке ашыруу уланууда. Бул тууралуу премьер-министрдин биринчи орун басары
Роман Скляр өкмөттөгү брифингде билдирди. Анын айтымында, быйыл Казакстанда 1,5
триллион теңгеге 190 долбоорду ишке киргизүү пландалууда. 47 объект ишке
кошулду. Ошондой эле инвесторлорду тартуу жана аларга шарттарды түзүү боюнча
активдүү иштер жүргүзүлүүдө.
Роман Скляр, Премьер-министрдин биринчи
орун басары:
- Бизде негизги капиталга салынган
инвестициялар өсүүдө, биз албетте мамлекет тарабынан да инвестицияларды
көбөйтүп жатабыз, бул инженердик инфраструктураны куруу, транспорттук
инфраструктураны куруу – мамлекет салттуу түрдө инвестиция салган тармактар. Ал
эми инвестициялык ийгиликтүү долбоорлорго келсек, биз кайра иштетүү секторуна
инвестиция салууга көбүрөөк кызыкдарбыз, бирок тоо-кен металлургиялык комплекси
дагы биз үчүн артыкчылыктуу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

