Казакстанда О.Жаутиков атындагы эл аралык олимпиада өтүүдө

Казакстанда О.Жаутиков атындагы эл аралык олимпиада өтүүдө

Казакстанда Жаутиков атындагы ХХ Эл аралык олимпиада өтүүдө. Алматыдагы интеллектуалдык таймаш аянтында дүйнөнүн 16 өлкөсүнөн 600дөн ашык окуучу жана 85 команда кездешти. Казакстандан тышкары Азербайжан, Армения, Беларус, Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан, Болгария, Тажикстан, Монголия, Грузия, Сербия, Индия жана Румыниянын мыктылары өз билимдерин ортого салышты. Бул жылы иш-чара үч жылдык электрондук форматтан кийин оффлайн режиминде уюштурулууда.

Олимпиаданын алкагында физика-математика багыты боюнча адистештирилген мектептер арасында үч предмет боюнча сынак салттуу түрдө өткөрүлөт. Сынак эки этаптан турат – теориялык жана практикалык, мында катышуучулар тапшырмаларды аткарышат. Олимпиаданын жыйынтыгы ар бир дисциплина боюнча өзүнчө отчетто чыгарылат. Билим таймашынын негизги максаты - таланттуу окуучуларды аныктоо, ошондой эле жаштардын интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү.

 

Мейрлан Мейрбек, Республикалык физика-математика мектебинин мүдүрү:

 

- Быйыл чет өлкөдөн 413 окуучу келди, 257 окуучу Казакстан Республикасынын ар кайсы аймактарынан келген катышуучулар. Байгелүү орундардын ээлерине дүйнөнүн жогорку окуу жайларына тапшырууга мүмкүндүк берилет. Анткени бул портфолиого киргизилет. Өз кезегинде бул байге ээлерине дүйнөнүн мыкты спортчулары жана гранттын жеңүүчүлөрү катары таанылууга өбөлгө түзөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков