Мамлекет башчысы Түрксмөнстан Президенти менен кеңейтилген курмада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Казакстан Түркмөнстанга экспорттун жалпы көлөмүн 120 миллион долларга чейин, товарлардын 80 түрү боюнча көбөйтүүгө даяр. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара товар жүгүртүү жарым миллиард доллардан ашкан. Бул тууралуу Түркмөнстандын президенти менен кеңейтилген сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Беш жылдын ичинде өз ара соода көлөмү иш жүзүндө төрт эсеге өстү. Түркмөн тарап каржы салган 150дөн ашык компания соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого маанилүү салым кошууда. Өнөр жай, транспорт, логистика жана башка тармактарда бир катар долбоорлорду ишке киргизүү пландалууда. Энергетика чөйрөсүндө, атап айтканда газ боюнча өз ара байланыш түзүлгөн. Буга өкмөттөр аралык комиссиянын үзгүлтүксүз жолугушуулары жана ишкерлер кеңешинин активдүү иштеши өбөлгө түзөт.

Касым-Жомарт Токаев жана Сердар Бердымухамедов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасап, эки тараптуу документтер тууралуу пикирлерин билдиришти.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Энергетика тармагындагы интеграцияны кеңейтүү башкы милдет катары белгиленди. Акыркы жылдары бул багытта бир топ жылыштар болду. Казакстан Түркмөнстандагы газ-конденсат кендерин иштетүү, ошондой эле түтүк инфраструктурасын кеңейтүү боюнча долбоорлорго активдүү катышууга ниеттенүүдө. Бүгүн QazaqGaz компаниясы менен "Түркмөнгаз" мамлекеттик концернинин ортосунда газ тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу келишимге кол коюлду.

Казакстан менен Түркмөнстан мунай-газ жана транспорт тармагында кызматташууга ниеттенүүдө. Тараптар ошондой эле Түркмөнстанда казакстандык ЖОЖдордун филиалдарын ачуу маселесин кароону макулдашышты.

Сердар Бердимухамедов, Түркмөнстандын Президенти:

– Эки өлкөнүн интеграциясынын конкреттүү багыттары аныкталды. Сүйлөшүүлөр өз ара ишенимге жана ачыктыкка негизделген мамилелердин салттарынан кем калбай, конструктивдүү жана мазмундуу болду. Саясаттын, экономиканын жана маданий-гуманитардык чөйрөнүн бардык багыттары боюнча эки тараптуу диалогдун учурдагы деңгээлине жогору баа берилди.

Мамлекет башчыларынын расмий визитинин алкагында тараптар ар кандай багыттарды камтыган 20дан ашык документти жана эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө жана көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү жөнүндө декларацияны кабыл алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков