Буга байланыштуу Европа өлкөлөрү менен жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мерчемделүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн премьер-министри «Казакстан-Европа Биримдиги» диалогдук платформасынын 12-сессиясында билдирди. Алихан Смаилов белгилегендей, аталган багыттагы өнөктөштүк реалдуу түрдө ишке ашырылып жатат. Маселен, өткөн айдын аягында Маңгыстау облусунда «жашыл» суутек өндүрүү боюнча эски жер компаниясынын абдан чоң долбоору ишке кошулду. Өз кезегинде Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси Кестутис Янкаускас бул келечектеги биргелешкен иштердин негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. 2050-жылга чейин Европа Биримдиги калдыксыз экономикага түп тамырынан бери өтөөрү айтылууда. Эски континенттин өлкөлөрү бул багытта Казакстанды конкреттүү долбоорлордун алкагында колдоого даяр. Мындан тышкары, тараптар өз ара транспорттук байланыштарды чыңдоого ниеттенүүдө. Ошол эле учурда Алихан Смаилов Казакстан Транскаспий эл аралык багытынын Орто коридорун Трансевропалык транспорт тармагы менен интеграциялоо боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков