Түркестан
облусунда суу бөлүштүрүүнү көзөмөлдөөнү күчөтүү жана гидротехникалык
объектилерди реконструкциялоо темпин тездетүү керек. Бул тууралуу аймакка
болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө премьер-министр билдирди. Олжас Бектенов
Шардара жана Көксарай суу сактагычтарын кошо алганда, стратегиялык маанилүү
объектилерге барды. Жалпысынан алганда, түштүк аймактардын дыйкандарын суу
менен туруктуу камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү, тармакты системалуу түрдө
жаңылоону күчөтүү маанилүү. Атап айтканда, Көксарай контррегуляторунун ишин
калыбына келтирүү, ошондой эле президенттин тапшырмаларынын алкагында бардык
долбоорлорду өз убагында каржылоо тапшырылды. Мындан тышкары, өкмөт азыр суу
бөлүштүрүү маселелери боюнча коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Ошондой эле, Түркестан шаарын туруктуу суу менен камсыз кылуу үчүн Байдибек Ата
жана Боралдай суу сактагычтары аркылуу кошумча 113 миллион куб метрден ашык суу
берилет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

