Казакстандык экспортерлор КМШ өлкөлөрүнүн рыногуна чыгат

Казакстандык экспортерлор КМШ өлкөлөрүнүн рыногуна чыгат

Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине мүчө-өлкөлөрдүн өз ара ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соода зонасын түзүү. Мажилис дал ушуну көздөгөн келишимди кабыл алды. Алсак, өткөн жылы республиканын КМШ өлкөлөрү менен кызматташуусу 3,2 млрд доллардан ашкан. Алардын жарымы экспорттук кызматтын үлүшүнө, калгандары тиешелүү түрдө импортко туура келет. Ошондой эле документ тараптардын тартымдуу инвестициялык климатын түзүүгө багытталган. Ошондой эле бизнес, транспорт, телекоммуникация, экология, каржы, билим берүү, курулуш жана туризм сыяктуу иш-аракеттер чөйрөсүндө кепилдиктерди берет.

Арман Шаккалиев, Соода жана интеграция министри:

- Макулдашууда эл аралык тажрыйбага ылайык инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоонун жогорку деңгээли каралган. Өткөн жылдын 9 айында Казакстан Республикасына КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын жалпы агымы 2,8 млрд долларды түздү. Документке казакстандын мамлекеттик сатып алуулары, жер маселелери, жер казынасын пайдалануу, табигый монополиялар, кайра жанма энергия булактарын жөнгө салуу сыяктуу маселелер  жатпайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков