Казакстан жаңы экономикалык моделге өтөт. Өлкөдө мындай
маанилүү багытта тез жылыш үчүн толук мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу
Касым-Жомарт Токаев бүгүн Казакстан элине жылдык кайрылуусунда билдирди.
Мамлекет башчысы чыныгы өнүккөн өлкө болуу үчүн жүргүзүлүп жаткан саясий
реформаларды терең жана ар тараптуу социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр менен
айкалыштыруу зарыл экенин белгиледи. Ошондуктан
президент жаңы экономикалык саясатты ишке ашырууда узак мөөнөттүү максаттарды
коюуга болбой турганын эскертти. Бул билдирүүдө айтылган бардык милдеттенмелер
үч жылдын ичинде аткарылууга тийиш. Ошону менен бирге эң башкысы — мамлекеттин кубаттуу
өнөр жай базасын түзүү. Өлкөдө кайра иштетүү өнөр жайын тез өнүктүрүүгө басым
жасалат.
Башкача айтканда, жогорку деңгээлде кайра иштетилген өнүмдөрдү чыгарган кластер түзүлөт. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, металлды терең иштетүү, мунай-газ жана көмүр химиясы, оор унаа жасоо, уранды конверсиялоо жана байытуу, автотетиктерди жана жер семирткичтерди чыгаруу сыяктуу тармактарга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Мамлекет ири ишканалар менен бирдикте өндүрүштүн бардык баскычтары өлкөдө болушун камсыз кылышы керек. Бул үчүн өндүрүш тармагын жөнгө салуунун жана стимулдаштыруунун түрдүү жолдорун колдонуу зарыл. Кайра иштетүү өнөр жайы жетиштүү сандагы чийки затты акылга сыярлык баада алууга тийиш. Муну менен катар жөнгө салынуучу сатып алуулар учурунда өзүбүздүн товарлардын үлүшүн көбөйтүү жана оффтейк системасын толук ишке киргизүү кажет. Ата мекендик өнүмдү өндүрүүчүлөр менен түзүлгөн оффтейк келишимдеринин үлүшү 10%дан кем эмес болушу керек. Бул жыл сайын 2 триллион теңге дегенди билдирет.
Агроөнөр жай комплекси да четте калган жок. Казакстан Евразия континентиндеги негизги айыл чарба борборлорунун бирине айланышы керек. Бул кайра иштетүүгө түрткү берген салык саясатын кайра карап чыгууну талап кылат. Кийинки милдет ата мекендик агрофирмаларды ири компаниялардын катарына кошуп, сатуу рыногун кеңейтүү. Акыркысы Өкмөттүн иши. Республикада айыл чарба тармагына жаңы технологияларды тартуу үчүн агротехнологиялык хаб түзүлөт. Бул үчүн чет өлкөлүк айыл чарба илимий борборлору менен кызматташууну жолго коюу зарыл. Мамлекет башчы ошондой эле жеке илимий-техникалык демилгелерди колдоого убада берип, билим берүү программаларын айыл чарба тармагынын керектөөлөрүнө ылайыкташтырууну тапшырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
-Айыл чарбасында маанинүү реформа жасоого убакыт жетти.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн көбөйтүүбүз керек. Ошондой эле кирешелүү эгиндерди
айдаган жакшы. Сууну көп талап кылган айдоо аянттарын акырындык менен
кыскартып, бир гана түрүн отургузууну чектөө зарыл. Дыйкандарды жергиликтүү
үрөн менен камсыз кылуу маанилүү. Ошону менен бирге жаңы сортторду чыгаруу жана
аларды өстүрүү маселесин чечүү кажет.
Которгон: Илгиз Жамлабеков