Казакстандын Президенти Акмола облусуна жумуш сапарынын алкагында Щучинск шаарындагы бир катар социалдык жана спорттук объектилерди кыдырып чыкты. Касым-Жомарт Токаевга экопарк тааныштырылды. Жакында жаңыртылган коомдук жайда жашоочулардын сейилдеп, спорт менен машыгуусуна бардык шарттар түзүлгөн. Бул жерде ал Улуттук домбура күнүнүн алдындагы даярдык көрүп жаткан жергиликтүү жаш домбурачылардын аткаруусундагы күүлөрдү укту. Андан кийин мамлекет башчысы «Burabay Arena» спорт сарайына барды. Комплекстеги үстөл тенниси, бассейн жана машыгуу залдарын кыдырып чыкты. Бул жерде спорттун 6 түрү боюнча ийримдер иштейт. Президентке аймактагы спорт жана туризм тармактарынын өнүгүү багыты боюнча баяндалды. Андан соң Касым-Жомарт Токаев аймактын белгилүү спортчулары менен сүйлөштү. Спортчулар ата мекендик спортко ар тараптуу колдоо көрсөткөндүгү үчүн Президентке ыраазычылык билдиришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

